Россиялык тасмага тартылган кыргызстандык курьерди режиссер издеп жатат. Видео

20 октября 2021 Россиялык тасмага тартылган кыргызстандык курьерди режиссер издеп жатат. Видео

Курьердик кызматта иштеген кыргызстандык Кайрат Нурбол уулу пандемия жана жалгыздык тууралуу тартылган россиялык "На близком расстоянии" тасмасына тартылган. Интернетке лентанын тизери жарыяланды.

Картина пандемия учурундагы адамдардын мамилеси тууралуу айтып берет. Сюжет боюнча, дүйнөгө таанымал актриса ооруп калуу коркунучуна карабастан Борбор Азиядан келген мигрантка жардам берүү чечимин кабыл алып, үйүнө киргизип алат. Окуя Санкт-Петербургда болот.

Тасмада башкы ролду россиялык белгилүү актриса Ксения Раппопорт аткарган. Дагы бир башкы ролду Кайратбек Нурбол уулу ойногон. Аны режиссер Григорий Добрыгин кадимки эле курьердик кызматтан таап алган.

"Курьердин ролун аткарган адам актер эмес. Бирок эми роль жаратып, актер болуп калды. Тамак ташыган фирмага ишке орношкон кезде мага курьерлер сүйлөшкөн чатка доступ ачылган. Анда үч миңдей кызматкер бар. Тасманы тартарда курьерлердин аватарын карап ылайыктуусун издедим. Кайратбек Нурбол уулун көргөндө ошол адам керек экенин түшүндүм. Аны менен агентибиз көпкө чейин байланыша албай, акыры жолуктук. Тилекке каршы, тасма тартылып бүткөндөн кийин биз аны менен байланышка чыга албай жатабыз", - деди Добрыгин "Вечерний Ургант" берүүсүнүн эфиринде.

Ксения Раппопорт кыргызстандык жигит өзүн тажрыйбалуу актер катары алып жүргөнүн белгилеген.

Лента биринчи жолу "Кинотавр-2021" сынагында көрсөтүлгөн. Ал эми прокатка 2021-жылдын 28-октябрында чыгат.

sputnik