Күйөөмө уят болбоюн дедим. "Кондитердин" жеңүүчүсү Анаранын эмоциясы видеодо

20 октября 2021 Күйөөмө уят болбоюн дедим. "Кондитердин" жеңүүчүсү Анаранын эмоциясы видеодо

Видеодон Анара Мурзакулованын кош бойлуу экенин көрүүгө болот. Келиндин эки кызы бар.

Россиянын "Пятница" телеканалындагы "Кондитер" теледолбоорунун бешинчи сезонунун жеңүүчүсү Анара Мурзакулова журналисттердин суроолоруна жооп берип, долбоордон кийинки сезимдери менен бөлүштү.

Кыргызстандык кондитердин видеосун Венера Токторова аттуу колдонуучу Facebook баракчасына жүктөгөн.

Анда Анара жолдошу, эки кызы менен журналисттин суроосуна жооп берип жатканын, келиндин кош бойлуу экенин көрүүгө болот.

"Кондитер" долбооруна даярданган күндөрү мүнөзүм өзгөрүп, башкача болуп калгам. Ошого чыдап, колдоо көрсөткөн жолдошума рахмат! Кыздар, күйөөңөр силердин ийгилигиңер. Алардын айтканын кылгыла", — деп жолдошун кучактаган.

Андан соң журналист Анарага: "Суперфиналда жеңүүчүнүн атын айтарда ыйлап жибердиңиз, сездиңиз беле?" - деген суроо узаткан.

ВИДЕО

"Сезген деле жокмун. Ошол учурда Кыргызстандын атынан чыгып жаткандан кийин кыргыз элиме уят болбоюн деп корктум. Өзүм 16 жыл кондитер болуп иштесем. Чынын айтсам, эң биринчи күйөөмөн намыстандым. Мени ушунча колдоп, чыдагандан кийин утпай барсам ага уят болом деп ойлодум. Финалда кулагыма "Анара" деген үн жаңырып туруп алды. Анан миллионер болдум", — деген Мурзакулова.

Москвада жашаган 34 жаштагы кыргызстандык келин долбоорго катышуу үчүн кастингге 10 миң катышуучу барганын да айткан. Ал 1 миллион рублден сырткары "Золотой венчик" титулун жеңип алып, "Россиядагы мыкты кондитер" наамына ээ болду.

sputnik