Гашиш менен апийим кантип айырмаланат? ИИМ лабораториясынан репортаж

14 декабря 2018 Гашиш менен апийим кантип айырмаланат? ИИМ лабораториясынан репортаж

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги өлкөдө баңгизат кандай ыкма менен жана канча убакытта аныктала турганын билип көрдү. Ички иштер министрлигинин криминалисттик коштоо жана ыкчам анализ талдоо башкармалыгынын лабораториясы менен инспектор-криминалист Алмаз Деркембаев тааныштырды.

Мындан сырткары, редакция жыл башынан бери баңгизатка байланышкан канча кылмыш иши катталып, канча зат жок кылынганын сураштырды.

Баңгизаттардын айырмасы

Баңгизаттарды аныктоо лабораториясы 2004-жылы Баңгизатты көзөмөлдөө агенттигинин негизинде түзүлүп, 2009-жылы ИИМге өткөрүлгөн. Борбордо соттук-химиялык эки эксперт эмгектенсе, ошондой эле Ош шаарында дагы эки адис иш алып барат. Кызматкерлер химиялык, фармацевттик, биологиялык багыт боюнча билимге ээ болушу зарыл. Адистер беш жыл сайын аттестациядан өтүп турат.

Жыл сайын өлкө боюнча миңге чукул соттук-химиялык экспертиза жүргүзүлөт. Алгач адис баңгизаттардын көп колдонулган түрлөрүнө токтолду.

"Биздин өлкөдө кара куурай өскөндүктөн колдонгондор көп болсо керек. Маселен, марихуана — кара кара куурайдын башы. Гашиш — кара куурайдын майдаланып, бутактары алынып, тазаланган түрү. Анын адамга тийгизген таасири марихуанага караганда күчтүү болуп саналат. Баңгизатка апийим өсүмдүгү да кирет. Анын "сүтүнөн" жасалган баңгизат — героин. Учурда баңгизаттын түрү абдан көп. Арасында адамдын акыл-эсине таасир бере турчу каннабис жана психотроптук заттар бар, ага маселен, спайс кирет. Биздин өлкөдө спайстын 86 түрү көзөмөлгө алынган", — деди эксперт Деркембаев.

Ошондой эле ал жыл сайын баңги каражаттарынын тизмеси жаңыланып, аларга тыюу салынып турарын кошумчалады.

Баңгизатты аныктоо кандай ыкма менен жүргүзүлөт?

Шектүү адам кармалгандан кийин андан алынган затты аныктоо үчүн ыкчам тергөө кызматкерлери соттук-химиялык экспертизага жиберет. Буйрук боюнча бир айдын ичинде изилдениши керек. Адистер эң аз дегенде 2-3 күндөн тарта 10 күнгө чейинки убакытта иликтеп бүтөт.

Баңгизат түрүнө жараша түс берүүсү реактивдердин жардамы менен аныкталат. Деркембаев бизге гашишти көрсөтүп берди.

1-кадам. Баңгизат эксперттерге таңгакка оролуп, чекесине тергөөчү менен шектүүнүн колу коюлуп, алынган каражат тууралуу кыска маалыматы



Дагы: sputnik.kg, © Sputnik / Табылды Кадырбеков