Атамбаевден коркуп жатасыңарбы? Карамушкина Жогорку сотко нааразы болду

20 октября 2021 Атамбаевден коркуп жатасыңарбы? Карамушкина Жогорку сотко нааразы болду

12-ноябрда Жогорку сот Атамбаевди эркинен ажыратуу боюнча мурдагы чечимин кайра калыбына келтирип койгон.

Жогорку сотко, судьяларга эмне болду? Алар эмнеге кайра даттанууга жатпай турган чечимге даттанып жатат. Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина парламенттин жыйынында суроо салды.

Ал кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге чыккан өкүм прокурордун сунуштамасы менен артка кайтарылганына нааразы болду.

"Кыргызстандын тарыхында мындай болгон эмес. Урматтуу төрага, мындай башаламандыкты токтотуңуз. Эмнеге бир жылдан кийин Жогорку сот өзүнүн өкүмүн четке кагат. Экс-президент Атамбаевден коркуп жатасыздарбы? Эгер Жогорку сот мыйзамдуу чечим деп эсептесе, эмнеге сот ачык өткөн жок. Эмне үчүн жабык эшик артында чечим кабыл алышты", — деди Карамушкина.

Эске салсак, Жогорку сот кримавторитет Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча Алмазбек Атамбаевге чыккан өкүмдү былтыр 30-ноябрда жокко чыгарып, райондук сотко кайра кароого жөнөткөн. Ага чейин Атамбаев Биринчи май райондук соту тарабынан 11 жыл эки айга эркинен ажыратылган болчу. Ал эми 12-ноябрда Жогорку сот Атамбаевди эркинен ажыратуу боюнча мурдагы чечимин кайра калыбына келтирип койгон.

sputnik