ЖМК: Facebook аталышын өзгөрткөнү жатат

20 октября 2021 ЖМК: Facebook аталышын өзгөрткөнү жатат

Facebook башчысы Марк Цукербергдин айтымында, жаңы аталыш жана багыт аралыктан билим алып, иштегендерге чоң мүмкүнчүлүктөрдү берет.

Facebook компаниясы кийинки жумада аталышын өзгөртүүнү пландап жатат. Бул тууралуу Verge порталына ишенимдүү булактар билдиргенин РИА Новости жазды.

"Facebook келерки жумада аталышын өзгөртөт. Компания "Мета ааламды" (Metaverse) түзүүнү көздөгөнүн билдиргиси келет", — деп айтылган порталдын сайтында.

"Мета аалам" — бул адамдар жайгашкан жерине карабастан виртуалдык чөйрөдө ойноп, иштеп жана баарлаша ала турган онлайн-дүйнө.

"Мета аалам" Facebook башчысы Марк Цукербергдин айтымында, чыгармачыл кесип ээлерине, шаардын борборунан алыс жашап, иштөөнү каалагандарга, ошондой эле билим алуу же эс алуу жайларына баруу мүмкүнчүлүгү жок аймактарда жашагандарга чоң мүмкүнчүлүктөрдү берет.

Августта Facebook Horizon Workrooms аталышындагы виртуалдык кеңсе ачкан, ага видеоконференция форматында кошулууга болот.

Facebook социалдык тармагын 2004-жылы 19 жаштагы америкалык студент Марк Цукерберг негиздеген. Штаб-квартирасы Калифорнияда. Facebook Messenger, WhatsApp жана Instagram сервистерине ээлик кылат.

Цукерберг Америкадагы бай адамдардын катарында үчүнчү сапта турат, сентябрда кирешеси 134,5 миллиард долларга бааланган.


sputnik