Сүйүнчү! Талант Бегалиев ардагерлер арасында дүйнө чемпиону болду. Видео

20 октября 2021 Сүйүнчү! Талант Бегалиев ардагерлер арасында дүйнө чемпиону болду. Видео

Талант Бегалиев 56-60 жаштагылар арасында 70 килограмм салмак менен күрөшүп, финалда америкалык атаандашын 11:0 эсебинде уткан.

ВИДЕО

Талант Бегалиев ардагерлер арасында өткөн дүйнө чемпионатында алтын утту. Бул тууралуу Күрөш боюнча федерация билдирип, видеосу Instagram баракчасына жүктөдү.

Талант Бегалиев 56-60 жаштагылар арасында 70 килограмм салмак менен күрөшүп, финалда америкалык атаандашын 11:0 эсебинде утуп, дүйнө чемпиону болду.

Белгилей кетсек, Талант Бегалиев Пекин Олимпиадасында күмүш байге алган Канатбек Бегалиевдин агасы.

Мелдеш бүгүн, 19-октябрда, Грециянын Лутраки шаарында башталды. Ал 24-октябрга чейин созулат.

sputnik