Ноокатта жол кырсыгына кабылган мугалимдердин бири бүгүн ооруканада көз жумду

19 октября 2021 Ноокатта жол кырсыгына кабылган мугалимдердин бири бүгүн ооруканада көз жумду

Он күн мурда Ош — Исфана жолунда кырсыкка кабылган унаадагы беш мугалимдин бири ооруканада каза болду. Маалыматты Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнөн тастыкташты.

Ага ылайык, каргашадан соң ал Кызыл-Кыя шаардык аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Тилекке каршы, 19-октябрда эртең менен көз жумган.

Маркум аял 51 жашта болгон. Ал Төөлөс айыл аймагына караштуу Додон орто мектебинин окуу бөлүмүнүн башчысы, кыргыз тили мугалими болуп иштеп келген. Төрт кыз, бир уулдун энеси, эл агартуунун мыктысы экени айтылды.

"Төөлөс айыл өкмөтүнүн башчысы Адыл Эшматовдун айтымында, каза болгон мугалимдин абалы буга чейин оор болгон. Ал бир жума мурда ооруканадагы мугалимдерден кабар алган. Анда ооруканага түшкөн дагы эки мугалим жандандыруу бөлүмүнөн чыгып, өз алдынча басып калды, абалы жакшырган болчу", — деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, 8-октябрда саат 20:00 чамасында Ош облусундагы Ноокат районунун аймагындагы катталган жол кырсыгында 8 адам жабыркаган. Облустук милициянын Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмү Төөлөс айыл аймагындагы Додон айылында Daewoo Matiz унаасынын айдоочусу май куюучу жайга бурулуп жатып Honda Strim менен кагышкан. Кырсыктан биринчи унаанын айдоочусу жана беш жүргүнчүсү, экинчи унаанын айдоочусу жаракат алып, Кызыл-Кыя аймактык ооруканасына жеткирилген.

Ушу тапта үчөө аталган оорукананын сынык-жараат бөлүмүндө, бирөө жандандыруу бөлүмүндө жатат.


sputnik