Бирөө кечигип, экинчиси баш тартты. 21 партия шайлоонун кийинки этабына өттү

19 октября 2021 Бирөө кечигип, экинчиси баш тартты. 21 партия шайлоонун кийинки этабына өттү

"Ак Асаба" кечигип калганы үчүн документи кабыл алынган эмес. "Кыргызстандын прогрессивдүү жаштары" жарышка катышуудан баш тартты.

Парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген 21 партия калды. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат кызматы билдирди.

Кечээ, 18-сентябрда, саат 18:00дө партиянын тизмесиндеги талапкерлердин бардык документин БШКга тапшыруу мөөнөтү аяктады.

Буга чейин каттоодо турган 23 саясий уюмдун 20сы документин толугу менен, "Жашасын Кыргызстан" партиясы жарым-жартылай тапшырган. Ал эми "Ак Асаба" кечигип калганы үчүн документи кабыл алынган эмес. "Кыргызстандын прогрессивдүү жаштары" партиясы шайлоого катышуудан баш тарткан.

Натыйжада төмөнкү 21 партия жарышка аттанууда:

"Улуттар Биримдиги";

"Ишеним";

"Альянс";

"Кыргызстан жашылдар партиясы";

"Бирдиктүү Кыргызстан";

"Ата Мекен";

"Ыйман Нуру";

"Эл үмүтү";

"Азаттык";

Ынтымак";

"Күчтүү регион";

"Бүтүн Кыргызстан";

"Аруузат – Эл Куту";

"Ата-Журт Кыргызстан";

"Мекенчил Эл";

"Ордо";

"Багыт";

"Жашасын Кыргызстан";

"Улуу Журт";

"Легалайз";

"Социал-демократтар".

sputnik