Баткенде чек ара айылдарын калыбына келтирүү боюнча жаңы өкүл дайындалды

19 октября 2021 Баткенде чек ара айылдарын калыбына келтирүү боюнча жаңы өкүл дайындалды

Кайрат Кошбаков 35 жашта. Буга чейин Бишкек мэриясынын жер ресурстары башкармалыгынын башкы адиси болуп иштеген. 2011-2013-жылдар аралыгында Дубай шаарындагы туристтик, кыймылсыз мүлк жана логистикалык бир катар компанияларда эмгектенген.

Кайрат Кошбаков КР президентинин Баткен облусундагы чек арага жакын айылдарды калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Буйрукка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Кайрат Кошбаков 35 жашта. Буга чейин Бишкек мэриясынын жер ресурстары башкармалыгынын башкы адиси болуп иштеген. 2011-2013-жылдар аралыгында Дубай шаарындагы туристтик, кыймылсыз мүлк жана логистикалык бир катар компанияларда эмгектенген. Адистиги боюнча мамлекеттик жана муниципалдык башкаруунун менеджери. Бир нече чет тилде сүйлөт.

Ага чейин бул кызматты Мамыржан Рахимов аркалап келгени маалым.


sputnik