WhatsApp: билдирүүлөргө быйтыкча менен реакция кылуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт

19 октября 2021 WhatsApp: билдирүүлөргө быйтыкча менен реакция кылуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт

Мурда кандайдыр бир билдирүүнүн жаккан-жакпаганын көрсөтүү үчүн диалог катары экинчи билдирүүнү жөнөтүү керек болчу. Эми ар бир жазышуунун алдында смайликтер турат.

WhatsApp мессенджеринин колдонуучулары билдирүүлөргө быйтыкча менен реакция кылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Бул тууралуу WABetaInfo порталы жазды.

Маалымат боюнча, жиберилген билдирүүлөрдүн астына эми эмодзилерди коюуга болот. Башкы этапта үч смайлик иштейт: кубануу, кайгыруу жана таң калуу. Реакция жашыруун болуп саналбайт, ошондуктан тайпалык чаттын ичиндеги жазышууларды дагы ким кандай кабыл алганын көрүүгө мүмкүн.

Мындай функция азыр Facebook Messenger тармагында иштеп жатат. Кнопка-смайлик диалогдогу ар бир билдирүүнүн астына чыгып турат, колдонуучу каалаганын кетире алат.

Опция учурда иштелип чыгуу стадиясында, качан бардыгына жеткиликтүү болору белгисиз.


sputnik