Дарыгер стресстен арылууга жардамдашчу азыктарды санап берди

19 октября 2021 Дарыгер стресстен арылууга жардамдашчу азыктарды санап берди

Диетолог биринчи кезекте магнийге бай азыктарды жеш керектигин айтты. Аны жаңгактын түрлөрүнөн, малина, кара бүлдүркөн (маймынжан), грейпфрут, авокадодан алууга болот.

Эндокринолог жана диетолог стресстен арылтып, уйкуну жакшырткан азыктарды санап бергенин Р-Спорт жазды.

Анын айтымында, биринчи кезекте магнийге бай азыктарды жеш керек. Аны жаңгактын түрлөрүнөн, малина, кара бүлдүркөн (маймынжан), грейпфрут, авокадодан алууга болот.

"Ошондой эле В тобундагы витаминдерди колдонуу зарыл, ал жашылча менен көк-сакта көп. Омега-3 кислотасы да нейрондордун ишин жакшыртып, стресске туруктуу болууга көмөктөшөт, муну балык менен креветкадан алууга болот. Мындан сырткары, нерв системасын жабыркатпай стресстен чыгууга сельдерей, банан, какао жардамдашат", — деген диетолог.

Адис нокот, күн караманын уругу куунак жүрүүгө өбөлгө болорун айткан.

sputnik