Баштыктын ичине салып койгон. Бишкекте ымыркайдын сөөгү табылды

19 октября 2021 Баштыктын ичине салып койгон. Бишкекте ымыркайдын сөөгү табылды

Милиция Жазык кодексинин 150-беренеси ("Коркунучта калтыруу") боюнча кылмыш ишин козгоп, наристенин энесин издөөдө.

Аламүдүн-1 кичи районунун аймагында ымыркайдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Свердлов РИИБинин маалымат кызматы кабарлады.

Баштыктын ичинен баланын сөөгү табылгандыгы тууралуу маалымат милицияга 17-октябрда күндүз түшкөн.

Милиция Жазык кодексинин 150-беренеси ("Коркунучта калтыруу") боюнча кылмыш ишин козгоп, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Экспертиза дайындалып, ымыркайдын энеси изделип жатканы кошумчаланды.

sputnik