Уктап жаткан аялынын койнуна жылан салып өлтүрдү

19 октября 2021 Уктап жаткан аялынын койнуна жылан салып өлтүрдү

28 жаштагы Сурадж Кумар аттуу жараны аялынын керебетине атайы уулуу жылан алып келип, таштап койгон. Жыйынтыгында жылан аялды чагып алып, аял заматта каза болот.

Маркумдун ата-эне бул жерде бир мандем бар экенин дароо байкаган. Себеби, буга чейин дагы аялды уулуу жылан чагып алган эле. Бирок, ал мындан айыгып кеткен. Аялы каза болгонжон кийин Сурадж камакка алынган.

Тергөөчүлөр эки жолу тең кол салууну Сурадж уюштурган деген корутундуга келишкен. Тергөөнүн жыйынтыгында, күйөөсү аялын 500 миң рупий жана жаңы унаа үчүн өлтүргөнү аныкталган.

Полиция кылмышка шектүүдөн башка дагы бир кишини кармашкан. Ал уулуу жыланды табууга жардам берген. Октябрь айында сот Сураджды күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыраткан. Ошондой эле, ага 500 миң рупий айыппул салынды.