Аида Касымалиева Кыргызстандын БУУдагы расмий өкүлү болмокчу

18 октября 2021 Аида Касымалиева Кыргызстандын БУУдагы расмий өкүлү болмокчу

Аида Касымалиева парламенттин алтынчы чакырылышынын депутаты. Ага чейин бир катар эл аралык ЖМКларда иштеген, орус, англис тилдерин билет.

Кыргызстандын БУУдагы расмий өкүлү болууга Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиеванын талапкерлиги жактырылды. Мындай чечим Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинде кабыл алынганын аталган комитеттен кабарлашты.

"Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмунун Нью-Йорк шаарындагы туруктуу өкүлүнүн кызмат ордуна Аида Касымалиеванын талапкерлиги жактырылсын", — деген чечим кабыл алынган.

Эми документ Тышкы иштер министрлигине жөнөтүлөт.

Аида Касымалиева парламенттин алтынчы чакырылышынын депутаты. Ага чейин бир катар эл аралык ЖМКларда иштеген, орус, англис тилдерин билет.

sputnik