Биздин сулуу! Шевченконун жаңы образдагы сүрөттөрү суктандырууда

18 октября 2021 Биздин сулуу! Шевченконун жаңы образдагы сүрөттөрү суктандырууда

Сүрөттөргө ал гүлдүү, ачык түстөгү көйнөк, бийик такалуу бут кийим кийип, көзүбүз көнбөгөн образда түшкөн. Анын сулуулугуна миңдеген адамдар суктанууда.

Жеңил салмак категориясында UFC чемпиону, кыргызстандык спортчу Валентина Шевченко Instagram тармагындагы баракчасына жаңы фотосессиясын жарыялады.

Сүрөттөргө ал гүлдүү, ачык түстөгү көйнөк, бийик такалуу бут кийим кийип көзүбүз көнбөгөн образда түшкөн. Колдонуучулар анын сулуулугуна суктанып, постунун астына көптөгөн комментарийлерди калтырууда.

"Биздин сулуу! Биздин сыймык!" деп бири жазса, экинчиси "Ар дайым ажарлуу!" деп жазууда. Дагы бирөө "UFC уюмунун эң сулуу мушкери!" деген пикирин калтырды.

10 саат ичинде сүрөттөргө 75 миң жолу "лайк" басылган.



sputnik