Акылбек Жапаров Кара-Кечедеги абалды көрүп, тартип керектигин эскертти

18 октября 2021 Акылбек Жапаров Кара-Кечедеги абалды көрүп, тартип керектигин эскертти

Буга чейин Кыргызcтандын аймагында көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилген. Аталган чечим көмүрдүн баасынын өсүү темпин кармап туруу максатында кабыл алынган.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нарын облусуна жумушчу сапары менен барып, Кара-Кече көмүр кенинин иши менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

© ФОТО / ПРЕСС-СЛУЖБА КАБИНЕТА МИНИСТРОВ КР

Тийиштүү мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын, кен казуучу компания өкүлдөрүнүн катышуусундагы кеңешмеде Жапаров күз-кыш мезгилинде көмүр менен биринчи кезекте калк, социалдык объектилер жана энергетикалык тармактын ишканалары камсыздалышы тийиштигин дагы бир ирет эскертти

Тийиштүү мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын, кен казуучу компания өкүлдөрүнүн катышуусундагы кеңешмеде Жапаров күз-кыш мезгилинде көмүр менен биринчи кезекте калк, социалдык объектилер жана энергетикалык тармактын ишканалары камсыздалышы тийиштигин дагы бир ирет эскертти.

"Көмүр кендеринде коопсуздук жана тартиптин болушу абдан маанилүү. Үстүбүздөгү жылы жылытуу мезгилине даярдык кечигүү менен башталды. Мындайга жол берилбеши керек. Иш үзгүлтүккө учураса тийиштүү жактар жоопкерчиликке тартылат. Бүгүнкү күндө Кара-Кечеде инфраструктуралык маселелер ыкчам тартипте чечилиши зарыл", — деди Жапаров.

Андан соң көмүр казуучу компания өкүлдөрү жеринде шарттарды жакшыртуу боюнча өз сунуштарын айтышты. Мындан тышкары, баа саясатына жана көмүр тармагын өнүктүрүүгө тийиштүү сунуштар талкууланды.

Буга чейин Кыргызcтандын аймагында көмүрдүн баасын мамлекет убактылуу жөнгө салып турмай болгон. Аталган чечим көмүрдүн баасынын өсүү темпин кармап туруу, 2021-2022-жылдагы күз-кыш мезгилинен өтүүдө калкты көмүр менен өз убагында туруктуу камсыз кылуу максатында кабыл алынган.

sputnik