Ноябрда кыргызстандыктар төрт күн катары менен эс алат

18 октября 2021 Ноябрда кыргызстандыктар төрт күн катары менен эс алат

Кыргызстанда 7-8-ноябрь — Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленет. Быйыл майрам күндөрдүн бири эс алуу күнүнө туура келгендиктен, анын орду иш күнгө жылды.

Ноябрь айында кыргызстандыктар төрт күн катары менен эс алат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлиги билдирди.

Быйыл 7-ноябрь жекшемби күнгө туура келгендиктен дем алыш күн шейшемби, 9-ноябрга, жылдырылат.

2017-жылдан бери 7-8-ноябрь – Кыргызстанда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү катары белгиленип келет.

Мындан сырткары, 7-ноябрда Кыргызстандын ЖМКлары Маалымат жана басма сөз күнүн майрамдашат.

sputnik