Бактияр Алиев КТРКдан кетип, Соцфондго жетекчи болду

18 октября 2021 Бактияр Алиев КТРКдан кетип, Соцфондго жетекчи болду

Бактияр Алиев 2001-2009-жылдардын аралыгында Социалдык фонддо иштеп, жетектөөчү адистен бөлүм башчылыкка чейин жеткен.

Бактияр Алиев Социалдык фонддун жетекчиси болуп дайындалганын мекеменин маалымат кызматы тастыктады.

Аны бүгүн эмгек жамаатына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тааныштырган.

© ФОТО / ПРЕСС-СЛУЖБА СОЦФОНДА КР

Аны бүгүн эмгек жамаатка министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тааныштырган

Алиев буга чейин Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору болуп иштеп, өткөн аптада өз каалоосу менен кызматтан кеткен.

Ал эми 2001-2009-жылдардын аралыгында Социалдык фонддо иштеп, жетектөөчү адистен бөлүм башчылыкка чейин жеткени маалым.

Буга чейин аталган фондуну Жаныбек Орозалиев жетектеп келген.

sputnik