Калк үчүн өтө маанилүү дарылардын баасы арзандайт. Ташиев кеңешме өткөрдү

18 октября 2021 Калк үчүн өтө маанилүү дарылардын баасы арзандайт. Ташиев кеңешме өткөрдү

Кеңешмеге мамлекеттик органдардын жетекчилери, ошондой эле фармацевтикалык компаниялардын өкүлдөрү катышкан.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев дары-дармек менен камсыздоо чөйрөсүндөгү абалды талкуулоо үчүн ведомстволор аралык комиссиянын кеңешмесин өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, кеңешмеге мамлекеттик органдардын жетекчилери, ошондой эле фармацевтикалык компаниялардын өкүлдөрү катышкан.

"Ишкерлер менен конструктивдүү диалог жүрүп, дары-дармек менен камсыз кылуу чөйрөсүндөгү кырдаалдын актуалдуу маселелери талкууланды. Ташиев дары-дармектин баасына, фармацевтикалык бизнестин көйгөйлөрүнө, анын ичинде медикамент аткезчилигине, мамлекеттик жөнгө салуучу органдардын бюрократиялык тоскоолдуктарына тийиштүү маселелерге токтолду. Кеңешменин жыйынтыгында дары-дармектин рыноктук баасын түзүү ыкмаларын кайрадан карап чыгуу, эл үчүн өтө маанилүү дары-дармектин баасын төмөндөтүү чечими кабыл алынды", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле маанилүү дары-дармектин баасына карата чайкоочулукка жол бербөө максатында мамлекеттик органдардын жетекчилерине конкреттүү тапшырмалар берилгени кошумчаланды.

sputnik