Автоунааны уурдатып жиберүүдөн кантип сактоо керек. Жети кеңеш

18 октября 2021 Автоунааны уурдатып жиберүүдөн кантип сактоо керек. Жети кеңеш

Темир тулпарды чоочун бирөөлөргө алдырып жиберүүдөн оолак болуш айдоочулар үчүн өтө деле кыйын эмес, бирок маанилүү учурларга көңүл бөлүп коюшу керек.

Айдоочуларга Россиянын мамлекеттик автоинспекциясы автоунаасын уурдатып жиберүүдөн сак болуш үчүн бир нече кеңеш берген. Бул туурасында Известия жазды. 

Адистер төмөнкү эрежелерге көңүл бурууга чакырды:

автоунаага сигнализация койдуруу;

темир тулпарды кайтарылган автокоргоого, гаражга коюу же жок дегенде электр жарыгы түнү бою күйүп турган жерлерге, көчөлөргө токтотуу;

сигнализация орноттуруп жатканда анын кандай тездикте, сезимталдык менен иштегендигине  (бул кокус аны бирөөлөр сканерлеп албашы үчүн да жакшы жардамчы) көңүл буруп, текшерип алуу;

техникалык жактан тейлөөгө, маселен, оңдотууга же каратууга алып барганда автокөлүктүн ачкычын ал жердегилерге бербегенге аракет кылуу керек. Эч ким ачкычтын үлгүсүн көчүрүп, сигнализацияны сканерлеп албайт деп кепилдик бере албайт;

темир тулпардын ичине чоочун бирөөлөрдүн көңүлүн бура турган буюмдарды калтырбаш керек. Маселен, ал ачкычтар, сумка, автоунаанын документи ж.б. буюмдар болушу мүмкүн. Эгерде автоунаанын ачкычын же сигнализация брелогун жоготуп алсаңыз, аны тез арада алмаштырганга аракет кылыңыз;

автоунааны башка бирөөгө айдаганга же токтотуп келүүгө ачкычы менен кармата берүүгө болбойт;

автокөлүктү камсыздандырып койгондон өтөрү жок.

sputnik