Мэрия эртең Бишкектин кээ бир жеринде муздак суу өчөрүн эскертти. Тизме

18 октября 2021 Мэрия эртең Бишкектин кээ бир жеринде муздак суу өчөрүн эскертти. Тизме

"Батыш" суу кампасындагы жана шаардык суу түтүктөрүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу ичүүчү суу турак жай, мектеп, бала бакча, саламаттык сактоо мекемелери жана башка социалдык объектилерде өчүрүлөт.

19-октябрда Бишкектин айрым райондорунда таза суу берилбейт. Бул тууралуу мэриядан билдирди.

Маалыматка караганда, суу саат 9:00дөн 21:00гө чейин төмөнкү аймактарда болбойт:

Сыдыгалиев көчөсү, Чоң Чүй каналы, Фучик көчөсү жана темир жол линиясы менен чектешкен аймакта;

Кызыл-Аскер районунда;

110-квартал конушунда;

Достук кичи районунда.

"Батыш" суу кампасындагы жана шаардык суу түтүктөрүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу ичүүчү суу турак жайларда, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттык сактоо мекемелеринде жана башка социалдык объектилерде өчүрүлөт", — деп айтылат билдирүүдө.

Калаа жетекчилиги шаардыктарды таза суу камдап алууга чакырды.

sputnik