Электр энергиясы менен жылуулукка канча төлөйбүз? Күчүнө кирген жаңы тарифтер

18 октября 2021 Электр энергиясы менен жылуулукка канча төлөйбүз? Күчүнө кирген жаңы тарифтер

Быйыл Кыргызстанда калк үчүн электр энергиясынын жана жылуулуктун тарифтери мурдагы деңгээлинде калтырылган.

Энергетика жана өнөр жай министрлиги "Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык, 15-октябрдан тартып электр жана жылуулук энергиясы үчүн кандай тариф белгиленгенин маалымдады.

Калк үчүн тарифтер төмөндөгүдөй:

калк үчүн бир киловатт-саат электр кубаты 77 тыйынды түзөт. 700 киловатт-сааттан ашса 2,16 сомдон эсептелет;

бийик тоолуу аймакта жана шарты катаал жерлерде жашагандар үчүн чектөө коюлбайт, жыл бою мындагылар 0,77 сомдон төлөшөт;

суу чыгаруу менен алектенген станциялар бир киловатт-саат электр энергиясы үчүн 1,09 сомдон (салыктарды эске албаганда) төлөшү керек;

электр транспорту, балдар интернаттары, карылар жана майыптар үйлөрү, диний мекемелер бир киловатт-саат электр энергиясына 1,68 сомдон (салыктарды эске албаганда) төлөшү керек;

башка мекемелер бир киловатт-саат электр энергиясына 2,52 сомдон (салыктарды эске албаганда) төлөшү керек;

майнинг-фермалар, алтын, металл иштеткен фабрикалар жана ичимдик өндүргөн ишканаларга бир киловатт-саат электр энергиясын 2,52 сомдон сатуу сунушталып жатат. Бирок белгиленген коэффициенттен ашып кеткен учурда 5,04 сомдон төлөшү керек болот;

куюучу, эритүүчү цехтер бир киловатт-саат электр энергиясын 3,78 сомдон алат (салыктарды эске албаганда);

цемент заводдору бир киловатт-саат электр энергиясын 3,28 сомдо сатып алат (салыктарды эске албаганда).

2021-жыл жылуулук тарифтери:

калк үчүн жылуулук энергиясы үчүн тариф бир гигакалориясы 1 134,76 сом болуп сакталат;

ысык суу үчүн тарифи бир гигакалориясы 981,76 сом деңгээлинде сакталат.

Калган колдонуучулар үчүн сунушталып жаткан тариф:

жылуулук энергиясы үчүн тариф — бир гигакалориясы 1 802 сом (азыркы баасы 1 695,1 сом);

ысык суу үчүн тариф — бир гигакалориясы 1 802 сом.

sputnik