Дарыгердин айтымына караганда, адам өзүнүн чама-чаркына карабай көп тамактанып алып иммундук системаны бузат.
Тамакты ар дайым ашыкча жегенде иммундук система жабыркайт. Бул туурасында Sputnik радиосу диетолог дарыгер Наталья Кругловага таянып билдирди.
"Ашыкча тамак жегендик тамак сиңирүү системасына күч келтирет. Ферменттер ашказанга түшкөн азыктарды тиешелүү түрдө сиңире албагандыктан, бул аш кылуунун бузулушуна алып келет", – деп түшүндүрдү ал.
Дарыгердин айтымына караганда, адамдын өзүнүн чама-чаркына карабай көп тамактанып алышы иммундук системаны бузат.
"Азыктар нормадан көп болуп сиңбей калганда аш кылуучу системада бүкүлү бойдон тура берип, акырындап чирүү процессине өтөт. Бул ичегилердин микробиотторунун ишин бузат, пайдалуу бактерияларды, алардын ар түрдүүлүгүн азайтат. Андан улам ичеги микробиоттору организмдин иммундук системасына өзүнүн таасирин тийгизет", – деген Круглова.
Тамакты ченебей көп ичүү семиздикке алып келгендиктен, бул дагы иммунитетке өзүнүн зыянын келтирет.
"Адамды май басканда иммунитеттин жообу, тагыраагы, кандайдыр бир оорудан коргоо, инфекциялар менен күрөшүү жөндөмдүүлүгү азаят. Системалуу түрдө кабылдап кеткен реакция деген түшүнүк бар. Ал семирген кишилерге, экинчи типтеги кант диабетинен жабыркагандарга тиешелүү", – деген адис.
Диетолог Елена Кален буга чейин адамды семиртпей турган азыктарды санап берген.