Дарыгер ден соолукту сактап, узак өмүр сүрүүгө жардам берген 5 факторду атады

18 октября 2021 Дарыгер ден соолукту сактап, узак өмүр сүрүүгө жардам берген 5 факторду атады

Россия Федерациясынын Саламаттык сактоо министрлигинин терапия жана профилактикалык медицина боюнча улуттук илимий борборунун директору Оксана Драпкина ден соолукту чыңдоого жана узак жашоого жардам берген беш факторду атады.

Оксана Драпкинанын айтымында, аларга төмөнкүлөр кирет: тамеки тартуудан оолак болуп, тамакты көп туздабай, спирт ичимдиктеринен баш тартып, көп басып, мүмкүн болушунча мөмө-жемиштерди көп жеш керек.

“Дени сак жашоо салтын кармануу индекси чыгарылды. Бул көрсөткүчтү карманган адамдардын ортосунда өлүм деңгээли 36%га төмөн. Көп факторлордун ичинен бешөө өзгөчөлөнөт. Биринчиси – тамеки чекпөө, экинчиси – сейилдөө, үчүнчүсү – тамакты көп туздабоо, төртүнчүсү – мөмө-жемиштерди көбүрөөк жеп, бешинчиси, албетте, спирт ичимдиктеринен баш тартуу”, - деди Драпкина Үчүнчү евразиялык аялдар форумунда.

“Эгерде биз аялдардын ден соолугу жөнүндө айта турган болсок, бул өлүмдүн себептери деген сөз. Башкача айтканда, аялдар көбүнчө жүрөк-кан тамыр ооруларынан каза болушат. Ал эми жалпы онкологиялык оорулар статистикалык эсеп боюнча экинчи же үчүнчү орунда турат”, - деди Драпкина.