15 октября 2021
26 жаштагы Т.Х. оор жүк ташуучу Volvo үлгүсүндөгү унаасы менен батыштан чыгышты көздөй бара жатканда жеңил автоунаа менен кагышкан.
Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылында болгон жол кырсыктын кесепетинен 23 жаштагы баланын өмүрү кыйылды. Бул тууралуу Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдирди.
© ФОТО / ЗУЛЬФИЯ ТУРГУНОВА
Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылында болгон жол кырсыктын кесепетинен 23 жаштагы баланын өмүрү кыйылды
Маалыматка ылайык, 15-октябрга караган түнү саат 00:15тер чамасында Volkswagen Golf үлгүсүндөгү автоунаанын 23 жаштагы айдоочусу оор жүк ташуучу Volvo менен кагышкан. Анын кесепетинен окуя болгон жерде набыт болгон.
Учурда кырсыктын себептери иликтенип жатат.