Бишкекте 22 жаштагы айдоочу кыз коюп кеткен киши набыт болду

15 октября 2021 Бишкекте 22 жаштагы айдоочу кыз коюп кеткен киши набыт болду

Айдоочу кыз Жукеев-Пудовкин менен түндүктү көздөй бара жаткан. Кырсыктын кесепетинен 44 жаштагы киши каза болду.

Бишкекте 22 жаштагы кыз Lexus RX үлгүсүндөгү автоунаасы менен жөө адамды коюп кетти. Бул тууралуу Патрулдук милиция башкармалыгы билдирди.

Жол кырсык кечээ күнү саат 23:00дө Жукеев-Пудовкин көчөсүндө болгон.

"Т. У. аттуу айдоочу түндүк тарапты көздөй бара жатып 1977-жылкы кишини коюп, андан соң жол жээгинде турган Mercedes Benz автоунаасын сүзгөн. Жөө адам мүрт кеткен", — дешти милициядан.

Автоунаалар айып короого токтотулуп, экспертиза дайындалды. Жол кырсыктын себептери аныкталып жатат.

sputnik