Казакстанда 400 килограмм ок-дары жок кылынды. Жардыруулардын видеосу

15 октября 2021 Казакстанда 400 килограмм ок-дары жок кылынды. Жардыруулардын видеосу

26-августта Жамбыл облусундагы аскердик кампа жарылып, 17 киши каза болгон. 10-октябрь күнү ошол эле жерде кайрадан жарылуу болду. Учурда анда калып калган ок-дарылар зыянсыздандырылып жатат.

Казакстанда август айында жарылган аскер капмасындагы ок-дары жок кылынууда. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

ВИДЕО

Эске салсак, ушул жылдын 26-августунда Жамбыл облусундагы аскердик кампада жарылуу болуп, ал алты жолу кайталанган. Кырсыкта жалпысынан 17 киши каза болгон. 10-октябрь күнү эртең менен ошол эле кампада кайрадан жарылуу болгон. Анда мурунку өрт кесепетин тийгизген зат жарылган.

"Сөз болуп жаткан аскер бөлүгүнүн аймагында калып калган ок-дарыларды бөлүп-бөлүп Жамбыл облусундагы Байзак районуна жеткиришүүдө. Ал жерде эл жашабаган ээн талаада жардыруу иштери өткөрүлүп жатат. Калдыктар күн сайын жардырылып отуруп, 13-ноябрга чейин толугу менен жок кылынат", — деп айтылат кабарда.

Бир күн ичинде салмагы 400 килограммга чукул ок-дары жардырылганы кошумчалады.

sputnik