Бишкекте тишти акысыз караган акция өтүүдө. Кимдер катыша алат

15 октября 2021 Бишкекте тишти акысыз караган акция өтүүдө. Кимдер катыша алат

Иш-чара ушул жылдын 31-декабрына чейин уланат. Медициналык колдоону Октябрь районунун социалдык өнүктүрүү бөлүмү КММАнын студенттери менен көрсөтүүдө.

Бишкекте "Бекем тиш" айлыгынын алкагында шаардыктар стоматологиялык текшерүүдөн бекер өтө алышат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Акция ушул жылдын 31-декабрына чейин уланат. Медициналык колдоону Октябрь районунун социалдык өнүктүрүү бөлүмү КММАнын терапия жана стоматология факультетинин студенттери менен чогуу көрсөтүүдө.

"Иш-чаранын максаты — тишти бекер дарылоо, аз камсыз болгон, улгайган жарандарга жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге медициналык жардам көрсөтүү, ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды активдүү коомдук жашоого интеграциялоо", — деп айтылат маалыматта.

Бүгүнкү күндө 58 жаран текшерүүдөн өткөн, анын ичинде 34 баланын тиши дарыланган.

Акция карылардын жана майыптардын эл аралык күнүнө карата уюштурулуп жатат.

sputnik