Алла Пугачева сырткы келбетин болуп көрбөгөндөй өзгөрттү. Сүрөт

15 октября 2021 Алла Пугачева сырткы келбетин болуп көрбөгөндөй өзгөрттү. Сүрөт

Примадоннанын канча жылдан бери келе жаткан чач жасалгасын кескин өзгөрткөн сүрөтү социалдык тармакка жарыяланды.

Россиялык 72 жаштагы ырчы Алла Пугачева имиджин кескин өзгөрттү. Композитор Игорь Николаевдин кызынын туулган күнүнө арналган салтанатка ал кыска чач менен келген.

Instagram тармагына жарыяланган сүрөткө караганда, артист майрамга күйөөсү Максим Галкин жана сегиз жаштагы эгиздери Лиза, Гарри менен кошо катышкан.

Сүрөттөгү комментарийлерде интернет-колдонуучулар ырчыны дароо тааныбагандыктарын жазып, көптөрү суктанган пикирлерин калтырган.

Алла Пугачева — россиялык атактуу аткаруучу, продюсер, режиссер, актриса, алып баруучу. Легендага айланган эстрада ырчысы. Артистке атак-даңк "Арлекино" ырын аткарган соң келген.

sputnik