Эт — 440, суу май — 131 сом. Бишкекте дем алыш күндөрү өтчү жарманкедеги баа

15 октября 2021 Эт — 440, суу май — 131 сом. Бишкекте дем алыш күндөрү өтчү жарманкедеги баа

Жарманкени Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте Бишкек мэриясы уюштурган.

Борбор калаада 16-17-октябрда салтка айланып калган азык-түлүк жарманкеси өтөт. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Алар төмөнкү аймактарда саат 9:00дө башталат:

12-кичи район — Токомбаев жана Жетикашкаева көчөлөрүнүн кесилиши;

Раззаков көчөсүн бойлой, Киев менен Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде болот.

Мэрия азык-түлүктөр төмөнкү баанын тегерегинде сатыларын билдирди:

ун — 22 сомдөн өйдө (кг.)

кант-кумшекер — 64 сомдон өйдө;

күрүч — 55 сомдон өйдө;

күн карама майы — 131 сомдон өйдө;

эт (уйдуку) — 440 сомдон өйдө;

тоок эти — 170 сомдон өйдө;

картошка — 24 сомдон өйдө;

сабиз — 25 сомдон өйдө;

пияз — 14 сомдон өйдө;

капуста — 28 сомдон өйдө;

помидор — 30 сомдон өйдө;

бадыраң — 30 сомдон өйдө;

сарымсак — 180 сомдон өйдө;

алма — 30 сомдон өйдө;

жумуртка (10 даанасы) — 70 сомдон өйдө.

Жарманкени Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги менен Бишкек мэриясы уюштурган.

sputnik