Педиатр балдардын өсүп-чоңоюшуна өтө зарыл витаминдерди санап берди

15 октября 2021 Педиатр балдардын өсүп-чоңоюшуна өтө зарыл витаминдерди санап берди

Балдар дарыгери кичинекейлердин тамактануусуна башынан көңүл бурбаса кийин ар кандай ооруларга чалдыгарын эскертип өттү. Айрым витаминдерди күнүмдүк азыктардан эле алууга болот.

Бала дени сак чоңоюшу үчүн витаминдүү кайсы тамактарды берүү керектигин "Известия" басылмасына дарыгер-педиатр Татьяна Никифорова ой бөлүштү.

Адис А (ретинол) витамини балдар үчүн эң керектүү зат экенин белгиледи. Ал балык майында, боордо, быштакта, жумуртканын сарысында, каймакта, сабизде, шпинатта, брокколиде, алмада, ашкабакта бар.

"А витамини көрүү аппаратынын иштешин камсыздайт, ал жетишпесе көздүн көрүүсү начарлап, кургайт. Ретинол теринин үстүнкү катмарынын жана былжыр чел кабыктардын жабыркашын алдын алып, жылмакай кылат", — деди дарыгер.

Ошондой эле күн нурунан топтолгон D (кальциферол) витамини балдарда жетиштүү болушу керек.

"D витаминин кошумча сүт азыктарынан, балык майынан жана жумуртканын сарысынан алууга болот. Анын негизги кызматы — балдарда бойдун жана сөөктөрдүн өсүшүн камсыз кылуу жана минералдык алмашууну (фосфор-кальций) камсыз кылуу. Ал дефицит болсо бала итий болуп, арыктап, сөөк тканында минералдардын алмашуусу бузулуп, ичеги-карыны жакшы иштебей кыйналат", — деп белгиледи адис.

Мындан сырткары, C (аскорбин кислотасы) витамини иммунитетти бекемдеп, кан тамырлардын дубалчалары үчүн маанилүү коллагендин болушун камсыздайт. Ал аз болсо балдар суук түшсө эле ооруп, былжыр чел канап (маселен, бүйлө), денеге бүдүрлөр чыгат. C витамини цитрус өсүмдүктөрүндө, мөмө-жемиште жана картошкада бар.

Педиатр B6 (пиридоксин) витамини да маанилүү экенин айтты. Аны капуста, шпинат, сабиз, кукуруза, буудай, кара өрүк, банан, черешня, уй этинен алууга болот. Бул витамин баланын нерв системасынын калыптанышына таасир этип, белоктун сиңиши менен кандагы канттын деңгээлин көзөмөлдөйт, ошондой эле майлардын алмашуусуна катышат.

Нерв системасынын ишин B9 витамини же фолий кислотасы дагы камсыздайт. Ал эс тутумду жакшыртып, психикалык-эмоционалдык абалды көзөмөлдөйт. Витаминди жашыл жалбырактуу жашылчалардан, жумурткадан, кызылчадан, цитрус өсүмдүктөрүнөн, брокколиден, жаңгактан, банан, авокадо жана башкалардан алууга болот.

sputnik