19-октябрда Бишкектин айрым аймактарында таза суу болбойт

15 октября 2021 19-октябрда Бишкектин айрым аймактарында таза суу болбойт

Суунун өчүрүлүшүнө "Батыш" суу кампасындагы жана шаардык суу түтүктөрүндөгү оңдоо иштери себеп болууда.

19-октябрда Бишкектин айрым райондорунда таза суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдирди.

Маалыматка караганда, суу саат 9:00дөн 21:00гө чейин төмөнкү аймактарда болбойт:

Сыдыгалиев көчөсү, Чоң Чүй каналы, Фучик көчөсү жана темир жол линиясы менен чектешкен аймакта;

Кызыл Аскер районунда;

110-квартал конушунда;

Достук кичи районунда.

"Батыш" суу кампасындагы жана шаардык суу түтүктөрүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу ичүүчү суу турак жайларда, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттык сактоо мекемелеринде жана башка социалдык объектилерде өчүрүлөт", — деп айтылат билдирүүдө.

Калаа жетекчилиги шаардыктарды таза суу камдап алууга чакырды.

sputnik