Кыздык сатылат – казакстандык кыздар онлайн-аукционго чыгышты

15 октября 2021 Кыздык сатылат – казакстандык кыздар онлайн-аукционго чыгышты

Кыздыктын баасы 10 миң доллардан башталат.

Интернетте кыздардын өз кыздыгын көп акчага соодалай алган онлайн-аукцион иштейт. Онлайн-аукцион аркылуу акчалуу эркектер “биринчи түндү” сатып ала алышат.

Интернеттеги онлайн-аукцион сайты чет элдики, ал жерде Нур-Султан менен Алматынын эки офиси тиркелген. Аукциондогу кыздыктын баасы 10 миң доллардан башталып, он, жүз эсеге чейин өсүүдө.

Кыздыкты соодага айланткандардын көпчүлүгү мындай кадамга үй, автоунаа сатып алуу, ал тургай окуу акысы менен бренддик кийим алуу үчүн барышат.

Ал эми сатып алуучулар тууралуу маалымат болушунча сыр боюнча сакталат. Ошондой эле, кыздар медициналык текшерүүдөн өтүшөт. Алардын көпчүлүгү 18-19 жаштагы кыздар.

Бирок, казакстандык юрист кыздыкты мындай соодага айлантуу – аял укугун тебелөө деп эсептейт.