Кыргызстанды өнүктүрүүнүн 5 жылдык программасы бекитилди

14 октября 2021 Кыргызстанды өнүктүрүүнүн 5 жылдык программасы бекитилди

Конституция жана өлкөдөгү социалдык-экономикалык кырдаал өзгөргөндүгүнө байланыштуу улуттук программа бекитилген.

Президент Садыр Жапаров "2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Жаңы Конституция кабыл алынгандыгына жана өлкөдөгү социалдык-экономикалык кырдаал өзгөргөндүгүнө байланыштуу улуттук программа бекитилгени белгиленди.

Министрлер кабинетине төмөнкүдөй милдеттер коюлду:

2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын иштеп чыксын жана кабыл алсын;

2018-2040-жылдары өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында көрсөтүлгөн инвестициялык долбоорлорду актуалдаштырсын;

ушул жарлыктын алкагында тиешелүү чараларды көрсүн.

Жогорку Кеңешке, сот бийлигинин органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өздөрүнүн стратегиялык документтерин (концепцияларды, стратегияларды, программаларды) жана иш-чаралардын пландарын 2026-жылга чейин Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук программасына ылайык келтирүү сунушталсын.

Улуттук программанын тексти президенттин сайтына тиркелген.

sputnik