WhatsApp тиркемесинде жаңы функция ишке кирет

14 октября 2021 WhatsApp тиркемесинде жаңы функция ишке кирет

Учурда резервдик сактоо жайына бардык файлдар жөнөтүлүп турат. Эгер жаңы опция ишке кирсе, колдонуучу өзү каалаган гана файлдарды сактай баштайт.

WhatsApp резервдик копия жасаган функцияны ишке киргизет. Бул тууралуу WABetaInfo порталы жазды.

Колдонуучулар резервдик копияга өзү каалаган сүрөттөрдү, видеолорду, аудиолорду жана башка документтерди көчүрүп кое алат. Мындан тышкары, мессенджер ар бир бөлүмдөгү архивдин көлөмүн көрсөтүп турат. Порталдын маалыматына караганда, бул нерсе келечекте коюла турган эки гигабайттык чектөөнү киргизүүгө даярдык болушу мүмкүн.

Опция азырынча тестирлөө стадиясында турат. Жакынкы аралыкта ишке кириши күтүлүүдө.


sputnik