Шайлоого катышмак болгон 75 партиянын 23ү калды. Тизме

14 октября 2021 Шайлоого катышмак болгон 75 партиянын 23ү калды. Тизме

Эки партия БШК тарабынан четтетилсе, 20сы катышуудан баш тарткан. Ал эми 30 саясий уюм курултай өткөргөн эмес.

Парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген партиялардын ичинен 23ү калды. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Тагыраак айтканда, 23 партия курултай өткөрүп талапкерлердин тизмесин бекиткени тууралуу БШКга маалымат берген. Шайлоо мыйзамдары боюнча, жогорудагыдай талаптар 13-октябрга чейин аткарылышы керек. Демек, курултай өткөрбөгөндөр андан ары талапкер катары каттала албайт.

Белгилей кетсек, алгач шайлоого катышуу ниети менен 75 партия арыз жазган. Анын ичинен экөө БШК тарабынан чететтилсе, 20сы катышуудан баш тарткан. Ал эми 30 саясий уюм курултай өткөргөнү тууралуу маалымат берген эмес, алтоо шайлоо фондун түзгөн жок.

Курултай өткөргөн партиялар:

"Улуттар Биримдиги";

"Ишеним";

"Альянс";

"Кыргызстан жашылдар партиясы";

"Бирдиктүү Кыргызстан";

"Ата Мекен";

"Ыйман Нуру";

"Эл үмүтү";

"Азаттык";

Ынтымак";

"Ак Асаба";

"Күчтүү регион";

"Бүтүн Кыргызстан";

"Аруузат – Эл Куту";

"Ата-Журт Кыргызстан";

"Мекенчил Эл";

"Ордо";

"Багыт";

"Жашасын Кыргызстан";

"Улуу-Журт";

"Легалайз";

"Кыргызстандын прогрессивдүү жаштары";

"Социал-демократтар".

sputnik