Дарыгер: Адамга күнүнө жарым литрден ашык суу ичүүгө болбойт

14 октября 2021 Дарыгер: Адамга күнүнө жарым литрден ашык суу ичүүгө болбойт

Мындай пикирин дарыгер жана телеалпаруучу Александр Мясников билдирди. Ал тамактануу адаттарынын зыяндуулугу тууралуу ката түшүнүктөрдү жок кылды.

Адис жарым литр суу денеден тер, дем алуу  жана заара менен чыгарылган суунун жетишсиздигин жабуу үчүн жетиштүү дейт.

Ал ошондой эле күнүнө эки чыныдан ашык кофе ичүүгө болбойт деген пикирди жаңылыштык деп атады. Дарыгер кофе ичүү цирроз менен боор рагынын, инсульттун, инфаркттын жана аритмиянын алдын аларын баса белгиледи.

Мындан тышкары, дарыгер тамакты суу менен ичүүгө болбойт деген мифти да жокко чыгарды. Тамакты майлуу сүт же таттуу суусундуктар менен да жегенге болбойт деди.