Бир жылда 20 баланын ата-энеси болгон түгөйлөр 100 балалуу болгусу келет

14 октября 2021 Бир жылда 20 баланын ата-энеси болгон түгөйлөр 100 балалуу болгусу келет

Орус улутундагы Кристина менен түрк ишкери Галип Грузияда баш кошуп, бир жылдын ичинде 22 баланын ата-энеси болушкан. Эми алар балдарынын санын 100гө жеткирүүнү кыялданушууда.

19 жаштагы Кристина Гагаркина Грузияга болгон сапарында түрк ишкери Галип Өзтүрк менен таанышкан. 50 жаштан ашкан ишкер Кристинага дароо эле үйлөнүүнү сунуштайт. Ошентип, жубайлар жолугушуудан бир нече жума өткөндөн кийин баш кошушкан.

Галип башынан эле көп балалуу болгусу келгенин айтат. Түрк жараны баланы 9 ай күтө албастыгын эскертип, экстравагантык вариантты – суррогат энелердин жардамына кайрылуу сунуштаган. Кристина күйөөсүнүн сунушуна макул болот.

Түркиялык ишкердин каржылык колдоосу менен түгөйлөр бир жарым жылдын ичинде 21 баланын ата-энеси болушкан. Алардын тунгуч баласы Мустафа 2021-жылдын 10-мартында төрөлгөн. Ошондон бери ай сайын үй-бүлөгө бир-экиден мүчө кошулуп келет.

Азыр бактылуу ата-эне 22 баланы тарбиялап жатышат жана алар муну менен эле чектелип калбай, 100 балалуу болгусу келерин айтышкан. Кристина мамиленин башында Галипке балдарды жакшы көрөрүн жана бала бакчасы болсо, андан да жакшы болорун эскерткен.