Суудан атып чыгып, тартып жүргөн дронду тиштеп алган крокодил. Видео

13 октября 2021 Суудан атып чыгып, тартып жүргөн дронду тиштеп алган крокодил. Видео

Австралиядагы жаратылыш парктардын биринде крокодил журналисттердин квадрокоптерин "жутуп", тартуу ишин үзгүлтүккө учуратты.

Видео ABC News каналынын YouTube-каналына жарыяланган.

Жергиликтүү бийлик крокодилдерге аңчылык кылууга салынган тыюуну жоюп, журналисттер жырткычтар тууралуу репортаж жасоого барышкан. Көлмөнү үстүнөн тартып жүргөн дронду крокодилдердин бири суудан секирип чыгып тиштеп алган, окуя видеого түшүп калганы айтылды.

Эки жумадан кийин квадрокоптердин калдыктарын жээктен табышкан. Анын ичиндеги эс тутум картасы жабыркаган эмес, ошондуктан тартылган видеолорду журналисттер калыбына келтирип алышкан.


sputnik