Жапаров: маянасын көбөйтүп, кыздарды мугалимге турмушка чыккыдай кылабыз

13 октября 2021 Жапаров: маянасын көбөйтүп, кыздарды мугалимге турмушка чыккыдай кылабыз

Жапаров 2022-жылды мугалим, дарыгер жана маданият кызматкерлеринин маянасын жогорулатуудан баштаарын айтты.

Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев жаңы сунушталган министрлер кабинетинен өлкөдө эң аз айлыкты (орто эсепте 12 миң сом) мугалимдер алып жатканын айтып, "көбөйтүү планы барбы?" деп сурады.

Буга министрлер кабинетинин төрагалыгына талапкер Акылбек Жапаров жооп берип, 2022-жылды мугалим, дарыгер жана маданият кызматкерлеринин маянасын жогорулатуудан баштаарын айтты.

"Президент Садыр Нургожоевич "мугалимдердин айлыгын эки эсе көтөрөсүң" деген тапшырма берген. Кийинки жылы бюджетти 400 миллиард сомго жеткирүү максатыбыздын бири ушул. Ошон үчүн фискалдаштыруу, контрабанданы жоюу, көмүскө акчаны иреттеп алышыбыз керек. Келерки жылы биринчи кварталдын динамикасын көрүп, мүмкүнчүлүк боло турган болсо биринчи эле мугалимдердин айлыгын көтөрөбүз", — деди Жапаров.

Ошондой ал муну менен эле токтобой "кимге турмушка чыгасың?" десе "мугалимге" деген деңгээлге чейин чыгаруу планы бар экенин кошумчалады.

sputnik