Көшөгө басып калган: Театр актеру көрүүчүлөрдүн көзүнчө каза болду (видео)

13 октября 2021 Көшөгө басып калган: Театр актеру көрүүчүлөрдүн көзүнчө каза болду (видео)

Москванын Чоң театрынын актёру Евгений Кулеш спектакль учурунда каза болду. Актёр спектаклдин декорациясынын астында калган. Окуянын видеосу интернетке тарады.

Окуядан кийин көшөгө жабылып, тыныгуу жарыяланган. Күбөлөрдүн айтымында, декорация төмөн карай кулаган, бирок 37 жаштагы актёр убагында качып үлгүрбөй калган.

ВИДЕО

“Спектакль кайгылуу аяктады. Токтоткула! Токтоткула! Тез жардам чакыргыла. Бул жерде кан!” деген сөздөрдөн кийин спектакль токтотулду. Башында биз бул спектаклдин бир бөлүгү деп ойлогонбуз. Тыныгуу жарыяланып, андан кийин спектакль токтотулганы жарыяланды”, - дешкен күбөлөр.

Басылманын маалыматы боюнча, декорация жакшы бекитилген жана сюжети боюнча сахнага жакын тартууга туура келген. Белгисиз себептерден улам декорация кулап баратканда актёр алдыга жылууга үлгүргөн эмес.

Укук коргоо органдары ал киши ызы-чуунун айынан декорациянын астынан кетүү керектигин укпай калганын маалымдашты. Спектаклдин декорациясы секундасына 1-2 метр ылдамдыкта түшүрүлөт.

Каза болгон актёр Евгений Кулеш чоң театрда 2002-жылдан бери иштеп келген.