“Кальмар оюну” кооптуу: Мугалимдер ата-энелерге кат жызышты

13 октября 2021 “Кальмар оюну” кооптуу: Мугалимдер ата-энелерге кат жызышты

“Кальмар оюну” телесериалы балдар психакасы үчүн абдан кооптуу. Улуу Британиянын мугалимдери ата-энелерге ушундай эскертүү катын жиберишти.

Анткени, кинону башталгыч класстын окуучулары көрүп тим болбой, андагы оюндарды мектепте кайталап жүрүшөт.

“Телесериалда эреже боюнча оюндан жеңилген катышуучулар өлтүрүлөт. Ал эми балдар чыныгы жашоодо ошол каармандарды туурагысы келишет. Мындай мыкаачылык биздин баалуулуктарыбызга каршы келет. Сериалды балаңызга көрсөтпөңүз, зордук-зомбулукка үгүттөгөн конттенттен алыс кармаңыз” деп жазылат катта.

Мугалимдер ошондой эле чоңдорду интернеттен чыккан коркунучка чогуу каршы турууга чакырышты. Алдыдагы убакытта интернеттен келген керексиз маалымат менен кантип күрөшүү керектигин үйрөткөн семинарларды өткөрүү пландалалып жатат.

Джон Джолли, “Чоңдорго арналган телдесериалдарды балдарга көрсөтпөө керек. Ата-энелер буга өтө кылдат болгону зарыл. Бул бир гана белгилүү дорамага эмес, мыкаачылыкты пропаганда кылган бардык контентке катыштуу айтылган сөз”, - дейт Улуу Британиянын ата-энелер комитетинин башкы директору.