Ташкенттеги көчөлөрдүн биринде фотографтын жолдо кетип бара жаткандарды чочуткан сүрөтү интернетке жарыяланды. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан жазды.
Анда иштин кызыгына кирип алган фотографтын автоунаанын кабинасынан тулку боюн, бир бутун кошо чыгарып алып, эңкейип алды жакка үңүлүп сүрөт тартып бара жатканын көрүүгө болот. Агенттик бул учурда автокөлүк жолдо жүрүп бара жаткандыгын жазган.
Анын ким экендигине Ташкенттин тартип коргоо органдары кызыгып, окуя өткөн ишемби күнү саат 14:00дөр чамасында болгондугун аныктап, таап чыккан. Мындай кылыгы менен "жөргөмүш адам" сымал айдоочу өзүнүн өмүрүн гана коркунучка кептебестен, жол кырсыкка да себепчи болуп кала жаздаган.
Маалыматта жол эрежесин бузган кишинин административдик айыпка жыгылганы жазылган. Аны менен кошо автокөлүктүн айдоочусуна да айып салынганы айтылды.