Акылбек Жапаров өкмөттү да, президенттик администрацияны да жетектемей болду

12 октября 2021 Акылбек Жапаров өкмөттү да, президенттик администрацияны да жетектемей болду

Министрлер кабинетинин азыр иштеп жаткан курамы отставкага кетти. Эми өкмөт башчынын милдетин Акылбек Жапаров аткарып турмакчы.

Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин төрагасынын жана КР президентинин администрациясынын жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Буга чейин президент Садыр Жапаров мурдагы экономика жана финансы министри Акылбек Жапаровдун талапкерлигин министрлер кабинетинин жетекчилигине сунуштагынан билдирген.

Конституциясынын 71-беренеси министрлер кабинетинин төрагасынын президенттик администрациянын жетекчисинин милдетин аткаруусуна жол берет.

sputnik