Президентке кеңешчи болгон Чолпонбек Абыкеев тууралуу эмне белгилүү

12 октября 2021 Президентке кеңешчи болгон Чолпонбек Абыкеев тууралуу эмне белгилүү

Президентке жаңыдан кеңешчи болуп дайындалган Чолпонбек Абыкеевдин эмгек жолу тууралуу маалыматтарды окуңуз.

Чолпонбек Абыкеев 1956-жылдын 16-августунда Нарын облусунун Кочкор районундагы Көк-Дөбө айылында туулган. Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин аяктаган.

1990-жылы кыргыз тилдүү "Аалам" гезитин негиздеп, аны түптөгөн. Басылмада 2005-жылга чейин башкы редактор болуп эмгектенген.

"Аалам" гезитинен кеткенден кийин өлкө президентинин коомчулук менен байланыш бөлүмүндө башчы болуп иштеген.

2008-ж. апрель — Маданият жана маалымат министрлигинин алдындагы Мамлекеттик архив агенттигинин директору;

2009-ж. декабрь — Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы мамлекеттик каттоо кызматына караштуу Архив агенттигинин директору;

2020-ж. 25-ноябрь — Конституциянын учурдагы редакциясын иштеп чыккан Конституциялык жыйындын мүчөсү;

2021-жылдын май айында министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун кеңешчиси кызматына бекитилген;

Президент Садыр Жапаровдун 2-июлдагы жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы болуп дайындалган.

sputnik