Аялына айланма үй куруп берген ойлоп табуучу. Кызыктуу видео

12 октября 2021 Аялына айланма үй куруп берген ойлоп табуучу. Кызыктуу видео

Босния жана Герцеговина жараны, ойлоп табуучу Воин Кусич кадимкидей эле айланып турган там курган.

ВИДЕО

Reuters агенттигинин билдиргенине караганда, там 22 секундадан тарта бир суткага чейин ар кандай ылдамдыкта толугу менен бир тегеренип чыгат. Кыймылда турган имаратты рычаг жана атайын баскычтардын жардамы менен башкарууга болот.

72 жаштагы киши аялы терезеден бир эле тарапты көрө бергенине нааразы болгондон кийин ойлонуп отуруп, ушундай өзгөчө үйдү кургандыгын айтып берген. Эми үйдүн бир жеринде турганда кээде талаа, кээде токой көзгө урунат.

Кусичтин үйүнө келген жергиликтүү журналисттер менен аялы сүйлөшүүнү каалаган эмес. Ал эми кожоюн мындай курулушка алты жыл сарптагандыгын айтып берген. Ал ортодо жүрөгү кармап, ооруканага жатып калган. Ойлоп табуучу дарыгерлерден өмүрүн жок дегенде бир жылга узартууну абдан суранган.

"Кусич бул өтүнүчүн долбоорду көптөн бери көкүрөгүндө багып, ойлонуп, ишке ашырууну эңсеп жүргөнүн, эгер кайтыш болуп кетсе, эч ким аягына чыкпай, үй ошол бойдон бүтпөй калары менен түшүндүргөн", — деп жазган басылма.

Кусичтин айтымында, бул там башка имараттарга караганда жер титирөөгө да жакшы туруштук бере алат.

sputnik