Курма — холестериндин деңгээлин түшүрүп, көздүн көрүүсүн, ичеги-карындын иштешин жакшыртат, каткан ичти жумшартат.
Пайдасы көп деп таанылган курма жемишин ашыкча жегенде адамдын ден соолугуна кооптуулук жаралат. Бул тууралуу "Известия" басылмасы эндокринолог-диетолог, медицина илимдеринин кандидаты Ульяна Румянцеванын сөзүнө таянып жазды.
Адистин айтымына караганда, аталган жемиштин калориялуулугу 100 граммына 50-55 ккалды түзгөндүктөн, диета азыгы катары эсептелет.
Мындан сырткары, анын курамында йод, темир, магний, калий, кальций, фосфор, марганец элементтери, А, Е, С витаминдери, бета-каротин жана пектин бар.
"Мындан улам аталган жемиш адамдын калкан бездеринин иштешине оң таасирин берет, артериалдык кан басымды төмөндөтөт, борбордук нерв системасынын, булчуңдардын чыңалбай турушун, кан тамырлардын спазмдарын жөндөйт. Холестериндин деңгээлин түшүрүп, көздүн көрүүсүн, ичеги-карындын иштешин жакшыртат, каткан ичти жумшартат. Тамак сиңирүү ферменттеринин иштеши оңолот, жемиш кислоталарынын аздыгынан улам ашказандагы кычкылдуулукту көбөйтүп жибербейт. Дагы бир жери — заараны көп бөлүп чыгарып, шишиктердин азайышына жакшы жардамчы болот", — деп түшүндүргөн дарыгер.
Бирок курманы ашыкча көп жегендик кант диабети менен ооругандарга, геморрою барларга, ичи каткандарга жана ичи өткөндөргө таптакыр болбойт. Адис жогоруда саналган илдети барлар күнүнө бирден ашырбаш керектигин айткан.
Курманын кабыгындагы танин заты мөмө ашказанга түшкөндө аны тоголоктоштуруп жана жабышкак кылып, оңой менен сиңдирбей, адамды кыйнайт. Анын кесепетинен ич көөп, ооруп, катат.
"Андыктан курманын кабыгын аарчып жеш керек. Өзгөчө ашказаны ооругандар жемишти тамакка чейин же тамактан кийин 1,5-2 саат өткөрүп, анан азыктанганы оң. Ал эми малдын, куштун эти кошулуп, демделген же бышырылган курма тамак сиңирүү органдары үчүн анчалык кооптуу болбой калат. Аны салат кылып, башка жемиштерге же жаңгак, сырга кошуп пайдаланса да жакшы", — деген Румянцева.