Жаш жигит пенсионер аялды автобустун алдына түртүп жиберди (видео)

12 октября 2021 Жаш жигит пенсионер аялды автобустун алдына түртүп жиберди (видео)

Москвада жаш жигит улгайган аялды уруп, андан кийин автобустун астына түртүп жиберген. Окуя Киев вокзалынын айланасында болгон, деп РИА Новости жазат.

27 жаштагы жигит менен пенсионердин ортосунда пикир келишпик жаралган. Учууланган жигит аялды уруп, тепкиге алган. Аял жүрүп бара жаткан автобустун астына кирип кетип, натыйжада көз жумат.

ВИДЕО

“Автобустун видео байкоосуна аялды тепкилеп жаткан жигиттин аракети даана тартылып калган. Ал жасаган ишин мойнуна алды”, - дейт тергөө комитетинин башчысынын орун басары Юлия Иванова.

Азыркы учурда жигиттин үстүнөн кылмыш иши козголду.