Кыргызстандын футболдук союзу президент Садыр Жапаровго кайрылды

11 октября 2021 Кыргызстандын футболдук союзу президент Садыр Жапаровго кайрылды

Өлкө жетекчилигине кайрылууну КФСтин биринчи вице-президенти Аскар Салымбеков окуду. Сунушту делегаттар бир добуштан колдоого алышты.

Кыргызстандын футболдук союзу кезексиз жыйынында өлкө жетекчилигине кайрылуу жасап, эки сунуш берди.

Сунушту КФСтин биринчи вице-президенти Аскар Салымбеков окуду. Аны 27 делегаттын баары бир добуштан колдоого алышты.

Биринчи сунушта футзал калысы Нурдин Букуевди дүйнө чемпионатынын финалдык беттешин тейлеген эмгеги үчүн мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүү демилгеси көтөрүлдү. Ал эми экинчисинде Кыргызстанда футболду өнүктүрүү тууралуу документ кабыл алуу боюнча кайрылуу айтылды.

Эске салсак, бүгүн КФСтин кезексиз конгресси өттү. Анда уюмдун жаңыланган уставы кабыл алынып, футболдук союздун жаңы президенти шайланды.

sputnik