Кыргызстан дөө-шаалардын катарында. Дүйнө чемпионатынын акыркы рейтинги

11 октября 2021 Кыргызстан дөө-шаалардын катарында. Дүйнө чемпионатынын акыркы рейтинги

Коңшу өлкөлөрдөн Казакстан эки медалы менен 15-орунда турат, ал эми Өзбекстан, Тажикстан, Кытай катышкан эмес.

Норвегиянын Осло шаарында күрөш боюнча дүйнө чемпионаты аяктады. Ага катышкан 27 өлкөнүн ичинен Кыргызстан медалдар жарышынан 5-орунду ээледи.

Алдыңкы орундарга ири держава аталган өлкөлөр көтөрүлгөн.

Иран — 7 алтын, 3 күмүш, 3 коло;

АКШ — 5 алтын, 5 күмүш, 5 коло;

Япония — 5 алтын, 3 күмүш, 4 коло;

Россия — 4 алтын, 5 күмүш, 9 коло;

Кыргызстан — 2 алтын, 2 күмүш, 2 коло;

Коңшу өлкөлөрдөн Казакстан бир күмүш, бир коло медалы менен 15-орунда турат. Ал эми Өзбекстан, Тажикстан, Кытай чемпионатка катышкан эмес.

Кыргызстан намысын коргогон балбандар кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова менен Мээрим Жуманазарова алтын, Айпери Медет кызы коло, эркин күрөштөн Эрназар Акматалиев күмүш, Алибек Осмонов коло жана грек-рим күрөшүнөн Жоламан Шаршенбеков күмүш медаль утуп келди.

sputnik